Камиль Кубанычбек
Камиль Кубанычбек
Читать 4 минуты

Олимпиадаларга эмне үчүн катышыш керек?


Бул статья Аррениус коомчулугунун мүчөлөрү үчүн жазылган.


Олимпиадага даярданып жатканда көп адамдарда: «Мага олимпиада эмне үчүн керек? Эмне үчүн ушунча убакытты жана мээнетти текке кетирүү керек?» - деген суроолор пайда болот.
Ушул суроолорго жооп бергенге аракет кылам.

Улуттук олимпиадалар

Эң чоң плюсу бул, албетте, университеттерге тапшырууда артыкчылыгы. Облостук олимпиадада биринчи орунду ээлесен, Ала-Тоо университетинде окуу акысына 30% жеңилдик берет. Ал эми республикалык олимпиаданын 1нчи, 2нчи жана 3чу-орундары ээлесен, өлкөнүн көпчүлүк университетерге, чоң арзандатууларды берет. Олимпиаданын затына жана тапшырган факультетке жараша, 100% арзандатууга ээ болушун мүмкүн. Демек, улуттук олимпиадалардагы байгелер өлкөнүн жогорку окуу жайларына тапшырууда чоң артыкчылыктарды кепилдейт. Эгерде Медициналык академияга киргиң келсе, анда жакшы бааларды алуунун же ЖРТга даярдануунун ордуна, олимпиадаларга даярдансаң болот. Натыйжасы ошондой эле болот, эгер жакшырак болбосо. Бул Улуттук олимпиадалардан гана пайда алат. Эми эл аралык олимпиадалардын артыкчылыктарын элестетип көрүңүз.

Эл аралык олимпиадаларга катышуу

Аларга жөнөкөй катышса дагы, чет элдик жогорку окуу жайларга кабыл алуу мүмкүнчүлүгү кескин жогорулайт. Бир мисал келтирейин. Быйыл Кореядагы эң мыкты университеттердин бири - ЮНИСТке болжол менен 350 окучуу тапшырды. Алардын арасында мыкты окуучулар, мектеп президенттери, ар кандай мелдештерден медаль алган мыкты спортчулар ж.б. Бирок 5 гана студент өттү. Бешөө тең предметтик олимпиадаларга катышчы.

Кореядагы эң мыкты техникалык университет болгон KAIST быйыл 2 гана студенттен өттү. Жана экөө тең эл аралык олимпиадаларга катышкан. Жыйынтыкды озунор чыгаргыла 😏 😏 😏.

Эл аралык олимпиадалардагы медалдар

Эл аралык олимпиадалардагы медалдар андан да көп артыкчылыктарды берет. Мисалы, Менделеев олимпиадасынын коло медалы Россиянын жана жалпы эле КМШнын эң мыкты университетинде, Ломоносов атындагы Москва мамлекеттик университетинде окууга, толук грант берет. Бул университет дуйнолук рейтингде 74-орунда турат. Мындан тышкары, КМШнын көптөгөн университетерде, Менделеев олимпиадасында медаль, айрыкча химия факультеттеринде, эске алынат.

Баса, Менделеев олимпиадасы негизинен КМШ өлкөлөрүнүн арасында популярдуу, бирок IChO (Эл аралык химия олимпиадасы) буга чейин бардык жерде белгилүү. Демек, IChO медалы КМШдагы университеттерге гана эмес, дүйнө жүзүндөгү университеттерге да эшиктерди ачат. Мисалы, мен Кыргызстандан MITке барган 4 адамды гана билем жана алардын үчөө эл аралык олимпиадада медалга ээ. Көрүнүп тургандай, эл аралык медалда КМШнын университеттерин айтпаганда, Американын алдыңкы университеттерине киргенде чоң артыкчылык берет)

Ошондуктан, эгер сиз олимпиадага олуттуу мамиле кылууну чечсеңиз, анда сизге өкүнбөйсүз деп ишендирем (тагыраак айтканда, акыр аягында өкүнбөйсүз😏 😏). Ал эми олимпиадада ийгиликке жетсеңиз, анда сөзсүз келечегиңиз кең болот.

Эмне үчүн олимпиадалар жөнүндө аз адамдар билишет?

Төмөнкү суроолор туулат: «Эгерде олимпиада ушунчалык сонун нерсе болсо, анда эмне үчүн көп адамдар ал жөнүндө билишпейт? Эмне үчүн олимпиаданын артыкчылыктары жөнүндө азыр гана билип жатам? " Суроонун жообу бир топ жөнөкөй: Себеби, биздин өлкөдө олимпиадалар анчалык популярдуулукка ээ эмес жана көңүл бурулбайт.

Мындан тышкары, эл аралык олимпиадалардын жеңүүчүлөрү көп эмес (мисалы, Кыргызстан 30 жылдын ичинде, 17 гана медалга ээ болду. Калган предметтер андан дагы аз) ошогул учун олимпиаданын артыкчылыктары жөнүндө айта турган эч ким жок. Олимпиаданын артыкчылыктары жөнүндө мугалимдер айтышпайт, анткени алар өзүлөрү билишпейт. Мүмкүн, медалисттердин достору олимпиадалар кандай пайда алып келерин жакшы түшүнүшөт, бирок бул маалымат баарына жетпей калыш мумкун. Ошондуктан, бул статьяны жаздым. Олимпиаданын артыкчылыктары жөнүндө билүү үчүн. Жардам берди деп үмүттөнөм)

Статистика

Балким, сиз мени олимпиаданын артыкчылыгын ашыра айтып жатам деп ойлошуңуз мүмкүн, ошондуктан статистиканы келтирем: Кыргызстан Эл аралык химия олимпиадасы башталгандан бери 16 гана медалчы бар. Алар кайда окуган:

Жумабаев Сыргак / 2003 /? (тапкан жокмун)

Алтынбек Исабеков / 2005 /? (тапкан жокмун)

Мунарбек Айтиев / 2005 / МГУ / Россиянын No1 университети

Артём Скабеев / 2005 / МГУ / Россиянын No1 жогорку окуу жайы

Кайнар Жылдызбекович Камалов / 2007 / MIT / Америкадагы №1 университет

Сарвар Хайдаров / 2008 / NTU / Сингапур техникалык №1 университети

Дилмурат Молдобаев / 2009 / MIT / Америкадагы №1 университет

Калысбек Абыкешов / 2012 /?

Темирлан Кубаналиев / 2015 / ODTU / Түркиядагы техникалык №1 университет

Маметов Дооронбек / 2016 / KAIST / Корея Техникалык №1 Университети

Баяман Базарбаев / 2017 / KAIST / Кореядагы техникалык №1 университет

Саиддин Автандил / 2017 / Ала-Тоо

Чекирбаев Мирхад / 2019 / Ала-Тоо

Камил Кубанычбек / 2020 / жок

Мамбетов Камил Болотбекович / 2020 / UNIST

Соодонбеков Нурсултан Мирланович / 2020 / KAIST / Кореянын техникалык №1 университети

Ошондой эле MITге откон Медер Камаловду (2004), ODTUга откон Замирбек Акимбековду (2008), UNISTке откон Эржигит Абдыкерим уулу (2017) жана CityUга (Гонконг) откон Ильяс Батырбековду (2018) кошом. Алар IChOго катышып, бирок медаль алышкан жок. Ошентсе да алдыңкы университеттерге откон


Бул олимпиаданын негизги артыкчылыгы гана болду, бирок дагы башка артыкчылыктары бар: өзүн-өзү өркүндөтүү, логиканын өнүгүшү, бекер туризм, заочдук окутуу жана башка көптөгөн нерселер, алар жөнүндө дагы айткым келет. Бирок статья өтө узун болуп калды окшойт, ошондуктан ал жөнүндө дагы бир жолу жазам. Статья сиз үчүн пайдалуу болду деп үмүттөнөм)

122 просмотра
Добавить
Еще
Камиль Кубанычбек
Подписаться